Ала-Арча жаратылыш паркында саркынды суу тазалоочу жай ишке кирип экологиялык көп маселелер чечилди. Мамлекет тарабынан 17 миллион 300 миң сом каражат бөлүнүп, кир сууларды тазалоочу заманбап имарат курулган. Эми жаңы жабдуулардын жардамы менен турмуш-тиричиликтен бөлүнүп чыккан кир суулар Ала-Арча дарыясына кошулбайт.
Заманбап технология менен курулган саркынды суу тазалоочу жай күнүнө 100 тонна кир сууну тазалай алат. Буга чейин эс алуучу жайлардан чыккан суулар Бишкек шаарынын негизги бөлүгун таза суу менен камсыз кылган Ала-Арча суусуна кошулуп кеткен учурлар болгон. Эми андай көрүнүштөргө жол берилбейт.”
Бир иштин аркасы менен бир топ жумуш бүткөн. Ала-Арча паркында эскирген канализация жана таза суу түтүктөрү дагы жаңыланган. Буга чейин чогулган саркынды суулар Ала-Арча паркынын кызматкерлерине түйшүк алып келген. Арткан кир суулар 45 чакырым аралыктагы Бишкектеги канализацияга ташылчу. Кызматкерлер мүшкүл иштен кутулганына кубанычта.
Адистер белгилегендей казынадан алгачкы ирет акча бөлүнүп Ала-Арча паркына саркынды суу тазалоочу жай курулду. Бул ажайып кооз жерден жайы-кышы кишинин саны үзүлбөйт. Эми экологиянын тазалыгы толук сакталат.