Ысык-Көлдө 5 күнгө созулган экологиялык журналистика боюнча семинар жыйынтыкталды. Ага өлкө аймактарынын келген 30га жакын жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Анда заманбап журналистикадага бул багыттын өзгөчөлүктөрүн тажрыйбалуу журналисттер окутса, экологияны чагылдырууда эске ала турган жагдайлар боюнча экологтор маалымат бөлүштү.
Журналисттер семинардын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун экология жаатында кабыл алынган конвенциялар боюнча кесибин жогорулатышты. Медиа тренер Элима Жапарова ЖМК өкүлдөрү үчүн мындай окутуулар учурда манилүү дейт.
"Экология биринчи орунда айлана-чөйрө жана аны менен адамдардын алакасы жөнүндөгү илим. Ар бир илимде терминдер болгондуктан, алар бул сөздөрдү күндө колдонгондугуна карабай толугу менен маанисин билишпейт. Журналистика болсо коомду экологияны сүйүүгө, аны менен жакшы мамиледе болууга чакыра алат. Ошол эле учурда илимий түшүнүктөрдү жеткиликтүү кылып бере алат. Бирок бул аракеттерди ишке ашыруу кыйын".
Иш-чара Рио-де-Жанейродо айлана-чөйрө жана аны өнүктүрүү боюнча 1992-жылы кабыл алынган конвенция боюнча кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында уюштурулуп, Глобалдык экологиялык фондун каржылык колдоосу менен ишке ашты.
Мирбек Сакенов, "Биринчи радио"