Чоң-Кеминде 20 миң гектар аянтты ээлеген аңчылык аймагында бугулар пайда болду.
Андан сырткары, элик, сүлөөсүн, канаттуулар жана башка жаныбарлардын да саны көбөйгөнү байкалган.
Бир нече жыл мурда жергиликтүү эл сейрек кездешүүчү айбанаттар жашаган аймакты коргоого алышкан эле. Бул аракет өз жемишин берди.