Таласта «Ак илбирс» фестивалы өттү
Новость KTRK/videograp

Таласта «Ак илбирс» фестивалы өттү. Анда Ак илбирсти жана ал байырлаган чөйрөнү коргоо долбоору тааныштырылды. 

Фестивалдын алкагында тажрыйба алмашуу максатында тегерек столдо жергиликтүү жамааттар менен экологдор чогулуп, пикир алмашты. Ошондой эле жаныбарлардын фото көргөзмөсү өтүп, жаштар театрлаштырылган оюн көргөзүштү. 

Бул саамалыкка Тажикстандын Мургаб районундагы кыргыздардын делегациясы жана Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынан катышуучулар келди. 

Жалпы эл учун «Ак илбирстин тукуму» кино тасмасы акысыз көрсөтүлдү. Фестивалга мүнүшкөрлөр да чакырылып, жаратылышка билгичтик менен аяр мамиле жасоо керектиги тууралуу айтып беришти.