Илбирс - элибиздин символу. Кыргыздар үчүн ал ыйык. Бул жаныбарларды жана алардын экосистемасын сактоо биз үчүн мамлекеттик масштабдагы жана өзгөчө маанидеги милдет болуп саналат.
POST1RIGHT Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев «Snow Leopard Trust» эл аралык уюмунун аткаруучу директору Майкл Деспинес менен жолукканда билдирди. Анда илбирсти жана анын экосистемасын коргоо боюнча глобалдык программаны мындан ары ишке ашыруу маселеси жөнүндө сөз болду. Мындай программа 2013-жылы Бишкекте өткөн “Илбирсти коргоо боюнча Дүйнөлүк форумда” илбирс байырлаган 12 өлкө тарабынан кабыл алынган болчу.
Жолугушууда ошондой эле 2017-жылы Кыргызстанда өтө турган, илбирсти коргоо боюнча саммитке даярдык көрүү маселеси да талкууланды. Өлкө башчы илбирс кыргыз элинин тарыхында жана салтында эркиндиктин жана көз карандысыздыктын символу экенин белгиледи.