Бишкекте курулуп жаткан үйлөрдүн коопсуздугуна арналган жыйын болуп өттү. Иш-чарага чогулган сейсмологдор, эколог илимпоздор жана мамлекеттик тармактын өкүлдөрү, курулуп жаткан турак-жайлар жер силкинүүгө канчалык деңгээлде туруштук бере ала турганын талкуулашты.
Статистикалык комитет өлкөдөгү калктын 37, 7 пайызы шаарда жашаарын аныктаган. Соңку жылдары Бишкекте көп кабаттуу үйлөр жаандан кийинки козу карындай көбөйдү. Бирок адистер азыркы турак-жайдын жарымынан көбү жер силкинүүгө туруштук бере албайт деп тынчсызданууда.
POST1RIGHT “Эреже боюнча курулган коопсуздук жагынан талапка жооп бериши керек. Анткени бизде 8 баллга чейин жер силкишиши мүмкүн. Эгер норма сакталбаса, анда көп талкалануу болот. Азыркы учурда көп кабаттуу үйлөр гана эмес жер тамдар дагы коопсуздук эрежесин сактабайт. Архитектуралык, курулуш материалдар талапка жооп бербейт. Мен билген инженер-куруучу тааныш адис бар. Ал учурда курулган турак-жайдын 20 пайызы гана талапка жооп берет деп жатат” - дейт География илимдеринин доктору, эколог Эмил Шүкүров
Сейсмология институту тарабынан тектоникалык жарака кеткен жерлердин кайсы жерде жайгашканы, көлөмү так көргөзүлгөн карта түзүлүп, архитектура жана облус башчыларына берилген. Ага карабай тыюу салынган жерлерге турак-жайлар мыйзам бузуу менен курулуп жатканы айтылды.
Мурда союз учурунда баардык тарапка, анын ичинде курулуш тармагына көзөмөл күч болчу. Азыркы тапта текшерүү жүргөнү менен мыйзам күчүнө кирбей, мыйзамды аттап өткөн фактылар четтен чыгат.