Мекен үчүн жанын берген элдик баатыр Муктарбек Сулайманов
Новость KTRK/videograp

Кыргыз армиясында мекен алдында ант берип, өлкөнүн бейпилдигин сактап, намыска бек турган эр-азаматтар кызмат өтөйт. Башын канжыгага байлаган жигиттер элдин устунон кара булут айланып, коопсуздугуна коркунуч жаралса өз жанын дагы аябайт. 

Ага кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал күбө. 

Лейтенант Муктарбек Сулайманов кыргыз-тажик чек арасында эл-жерин коргоп жатып каза болгонуна жарым жылга жакындады. Ал кызмат өтөгөн аскер бөлүк маркум колдонгон буюмдарды ата-энесине өткөрүп берген. Алар кийим-кечесин аздектеп сактап алган. Муктарбек сүрөт тарткан өнөрлүү адам болгон.