Бүгүн, кыргыз милициясынын 101 жылдык мааракесинин алкагында Талас облусунда милициянын 9 имараты ачылды.
Алар Талас райондук ИИБ, Бакай-Ата райондук ИИБ жана Манас райондук ИИБ имараттары. Ачылыш аземдери мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда өттү.
Ошондой эле бул күнү Талас районунун Чат-Базар, Талды-Булак аймактык бөлүмчөлөрү, Манас районунун Талас аймактык бөлүмчөсү, Айтматов районунун Суулу-Маймак, Бакай-Ата районунун Миң-Булак жана Шадыкан аймактык милициянын бөлүмчөлөрү ачылды