Ташиев: Ким элдин акысына кол салса, сөссүз жооп берет
Новость

Коррупцияга аралашкан мамлекеттик кызматкерлер сөзсүз түрдө жоопко тартылат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында өткөн ипотекалык батирлерди тапшыруу аземинде билдирди.

— Мамлекетибиз, кудайга шүгүр, мурдагыдай бюджетти талап-тоногон, коррупцияга малынып, элди коркутуп-үркүткөн “бандиттер” менен “хулигандар” азайды. Мамлекеттик кызматта иштеген ар бир адам элдин акысына тийишпеши керек! Ким элдин эмгек акысына кол салса, ал сөзсүз мыйзам алдында жооп берет. Азыр эч ким жазадан качып кутула албайт, — деди Ташиев.