Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде жаңы ачылган "Берекет банк" тууралуу комментарий берип, анын негизделиши дүйнөгө белгилүү Binance компаниясынын ээси Чанпен Чжаонун сунушу менен болгонун билдирди.
Мамлекет башчынын айтымында, бул - жеке бизнес долбоор болуп, өлкөгө ири көлөмдөгү инвестициялар тартылары күтүлүүдө.
— Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Өткөн жума күнү маалымат сайттарында жаңы ачылган "Берекет банкта" Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Марат Султанов менен катар сиздин уулуңуз Нурдөөлөт Нургожоев негиздөөчү болгону тууралуу маалымат чыкты.
Бул жаңылык социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан бир өңчөй кабыл алынган жок. Мамлекеттин тиешеси жок болсо болду да дегендер менен катар, туугандарын, балдарын аралаштырбай эле койсо болмок дегендер бар. Бул банктын сиздин үй-бүлөгө кандай тиешеси бар?
— Эл арасында талкуу болуп жаткан жакшы суроо менен келипсиз. Анда эмесе кененирээк жооп берейин. Элден жашыра турган эч нерсебиз жок.
Биринчиден, менин бийлик башына келгениме 5 жылдан ашты. Ушул жылдар аралыгында үй-бүлө, бала-чакамды эмес, бир туугандарымды да мамлекеттик иштерге аралаштырбадым. Бир үйдөн бир эле саясатчы чыкса жетет.
Силер бизнес кылгыла, өндүрүш ачкыла, өлкөгө инвесторлорду тартуу менен алек болгула деп келем.
Кудайга шүгүр, баары мени угуп, мамлекеттик иштерге аралашпады.
Муну жалпы эл журт деле көрүп турат. Мындан ары деле мамлекеттик иштерге кийлигишпейт.
Министр болом, депутат болом дешпейт. Болбосо депутатты эл шайлайт да деп депутаттыкка деле барышса болмок. Бирок, барышпайт.
Баары жеке бизнестери менен алек болуп жүрүшөт. Чет жактан инвесторлорду алып келип жатышат.
Мен дайыма айтам: "Тышка ташыбагыла, тыштан өлкөбүзгө ташып келгиле" деп.
Бүгүнкү күнгө чейин жакындарымдын тартып келген инвесторлорун, жасап жаткан иштеринин баарын айтсам жакындарымды мактаган болуп калам. Ошондуктан азырынча эч бирин айтпайм.
Кудай буюрса президенттик мөөнөтүм бүтүп жатканда отчёт катары бир туугандарым өлкө үчүн эмне иштерди жасады, Рустам кандай иштерди бүтүрдү, канча суммага инвестор алып келди баарын тизмектеп айтып берем. Жалпы эл көрөт.
Ал эми банк темасына келсек мындай. Азыр дүйнө жүзү виртуалдык активдерге өтүп жатпайбы.
Ушул жылдын май айында дүйнө жүзүнө белгилүү Binance компаниясынын кожоюну Чанпен Чжао бизге келгенде идея берип, биргелешип санарип банк ачуубузду сунуштаган.
Мен дароо эле мамлекеттик банк кылалы деген оюмду айткам. Ал болсо мамлекеттик банкка кирүүгө каалоосу болбоду. Ошентип, мамлекеттик банк болсун деген сунушум өтпөгөндөн кийин жеке банк ачууга макул болдук.
Марат Султановду мурдагы банкир катары чакырып, уюштуруу иштерин жүргүзүүнү сурандым. Чанпен Чжао менен Марат Абдразакович Нурдөөлөт да кирсин деп суранышты.
Ары ойлонуп, бери ойлонуп анан мамлекеттин бир тыйын тиешеси жок болгондон кийин мейли деп уруксат бердим. Алар менен аралашып, тажрыйба топтой берсин дедим.
Мамлекеттик иштерге киришпей жеке иштери менен алек болгондору жакшы эмеспи.
Чанпен Чжао туш келди эле мамлекетке бара бербейт. Биринчиден, достук мамиле, экинчиден Кыргызстанда өнүгүү бар, коррупция менен аёсуз күрөш жүрүп жатканын көрүп турат, криминал жок, ошол үчүн Кыргызстанга келип жатат.
Канчалаган мамлекеттер аны өз өлкөлөрүнө чакырып келтире албай жүрүшөт. Бул кишинин бизге келиши менен ушул банк аркылуу өлкөгө миллиарддаган каражаттар келет. Башка негиздөөчүлөр да кирет бул банкка.
Мамлекетибиз, элибиз бул банктын пайдасын гана көрөт. Зыяны тийбейт.
— Бул банктын ишмердүүлүгү башка банктардай эле болобу?
— Албетте, кадимки эле банктардай болот. Бирок, көбүн эсе виртуалдык активдер жана санарип валюталар менен иштеген банк болот.
— Уулуңуздун бул тармакта билими, тажрыйбасы барбы?
— Мен жогоруда айтпадымбы. Балдарымды жана бир туугандарымды саясатка аралаштырбайм деп.
Ошондуктан Рустам да, Нурдөөлөт да экономика жана финансы жагын окуп бүтүштү.
Албетте, тажрыйбасы бар деп айта албайм. Бирок, бара-бара практика жүзүндө тажрыйба топтойт деп ойлойм. Азыркы жаштар бизге караганда жаңы нерселерди тез өздөштүрөт эмеспи. Эң негизгиси эч кам санабагыла.
Бул аракеттен кыргыз эли пайда гана көрөт. Кирешесинен эл менен бөлүшөт. Жетим жесирлерге жардам берет. Социалдык обьектилерди салышат дегендей.
Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев