Бакай-Ата РИИБдин имараты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү
Новость

Бүгүн, 1-ноябрь милиция кызматкерлеринин 101 жылдык мааракесинин алкагында Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы РИИБ имараты оңдоп- түзөөдөн кийин кайра ачылды.

1972-жылы “Победа” колхозу үчүн салынып, эскилиги жеткен Бакай-Ата РИИБдин имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. 

Оңдоп-түзөө иштери 2024-жылдын күз айларында башталган. 

Республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаты менен имарат толугу менен жаңыртылды. Жумуш бөлмөлөрү, жыйындар залы оңдолуп, пластик терезелер, заманбап эшиктер  коюлду. 

Имараттын ички жана сырткы көрүнүшү кооздолуп, астына асфальт басылып, саптык аянтча жасалды. Кызматтык автоунааларды токтоочу жай курулду. Имарат алды көрктөндүрүлүп, гүл көчөттөрү отургузулду.

Ошондой эле бирдиктүү терезе жана жарандарды кабыл алуу бөлмөсү даярдалды.

Эски имараттын жаңыланып жасалышын өздүк курамга шарт түзүү жана район борборуна көрк кошуу катары бааласак болот.