Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов 2025-жылдын 31-октябрынан 5-ноябрына чейин Москва шаарында өтүп жаткан “Россия жана КМШ элдери” эл аралык фестивалына катышты.
Иш-чара көп улуттуу элдердин руханий улуттук баалуулуктарын, тарыхый мурастарын жана маданиятын бекемдөөгө багытталган.
Фестивалдын пленардык бөлүгүндө Марат Иманкулов Кыргызстан гуманитардык жана маданий кызматташтыкты улуттук коопсуздукту, руханий биримдикти жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоонун негизги багыттарынын бири катары карай турганын баса көрсөттү.
Мамлекеттик катчы Кыргызстан, Россия жана КМШ өлкөлөрүн бириктирген терең тарыхый жана маданий байланыштарды белгилеп, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы адамзаттын руханий биримдигинин символу экенин баса белгиледи.
Мындан тышкары, ал Кыргызстанда жаштарды руханий-адептик жана маданий жактан тарбиялоого багытталган “Евразия жаштары – жалпы келечек” программасы, ошондой эле тарыхый эстутумду сактоого арналган “Тирүү тарых” долбоору ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын билдирди.