Ошто жер силкинди
Новость

Бүгүн, таңкы саат 6:37де Ош облусунун аймагында жер силкинди. Сейсмология институту берген маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында 8 баллга жеткен. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бо-Дөбө айылында 4,5 балл, Нура жана Эркечтам айылдарында 4 баллга чейин сезилген. 

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.