Бажы кызматкерлери баңгизаттарды аныктоо боюнча тренингден өттү
Новость www

Мамлекеттик бажы кызматынын 16 кызматкери баңгизаттарды аныктоо боюнча тренингден өттү.

Бажы кызматынан билдиришкендей, иш-чара Ички иштер министрлигинин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жардамы менен Адистештирилген окутуу бажысы тарабынан өткөрүлдү.

Ведомстводон белгилешкендей, тренинг төмөнкү темаларды камтыды:

  • Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун импорттоо/экспорттоону жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар;
  • Жаңы психотроптук заттардын жана амфетамин тибиндеги симуляторлорунун жайылышына каршы аракеттенүү;
  • Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган кирешелерди легалдаштырууну аныктоо;