Конституцияга кылмыштын эскирүү мөөнөтүн жокко чыгаруу боюнча сунуш талкууда
Новость KTRK/videograp

Конституцияга кылмыштын эскирүү мөөнөтүн жокко чыгаруу боюнча киргизилип жаткан өзгөртүү- келечекке кам көрүү болуп саналат. Мындай пикирлерин бир катар коомдук ишмерлер, серепчилер билдиришүүдө. 

Белгилей кетсек, демилгечилер баш мыйзамга экологиялык оор кылмыштар жана геноцид үчүн кылмыштын эскирүү мөөнөтүн жокко чыгарууну сунуштап жатышат. 

Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдө геноцид жана экоцид деген түшүнүктөр катар киргизилүүдө. Эгер алдыдагы референдумда баш мыйзам өзгөрсө, андагы 26-берене экологиялык оор кылмыштар жана геноцид үчүн кылмыштын эскирүү мөөнөтү жокко чыгарылат. Эксперттер демилгечилердин мындай аракетин чечкиндүү кадам катары, келечекке кам көрүү деп сыпатташат. 

Кылмыш жаза кодексинде экоцид үчүн жоопкерчилик каралганы менен 20 жылдан бери бул берене боюнча бир дагы кылмыш иши козголгон эмес. Андыктан баш мыйзамдагы жаңы өзгөртүүлөр жөнөкөй мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарылчылыгын пайда кылып, бул беренени ишке киргизүү максат болууда. Мындан сырткары Кыргызстан экология боюнча бир катар эл аралык конвенциялардын катышуучусу. Андыктан бул демилгени ишке ашырууга эчак убакыт жеткен. 

Кылмыштын эскирүү мөөнөтү боюнча демилге келечекте көп көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн эксперттер белгилешет. Анүстүнө карапайым калк дагы экология маселесиде өз укуктарынын корголушун талап кылып, таза табият дагы өнүгүүнүн бир фактору экенин жакшы түшүнүп калышты.