КМШ: экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу талкууда
Новость

14-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Булан-Сөгөтү айылында өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттер аралык кеӊештин 14- жыйыны өтүп, ага Кыргызстан, Орусия, Беларусия,  Тажикстан, Казакстан жана Азербайжан мамлекеттеринин өкүлдөрү, КМШнын Аткаруу комитети, БУУнун эксперттери катышты. Анда Шериктеш мамлекеттер ич ара өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу чараларын кеңешти. Кененирээк кийинки материалда.

Өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттер аралык кеӊешмеге Казакстан 4 жыл боюу төрагалык кылган. Эми кезектеги 14-отурумга Кыргызстан жетекчилик кылып, Орусия, Беларусия, Тажикстан, Казакстан жана Азербайжан мамлекеттерин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн Ысык-Көлгө чогултту.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда өндүрүштө болгон кырсыктардын саны жылына 500гө жетип, андан 60ка жакын жарандын өмүрү кыйылат. Ошол эле учурда өнүдүрүштөгү кырсыкка жумушчулар өздөрү да күнөөлү. Көпчүлүгү эмгек кодексинин талабдарын билбегендиктен жумуш берүүчүдөн коопсуздугун талап кыла албайт – дейт адистер.

Сүймөнкул Идирисов