Россия Кыргызстанга "Спутник Лайт" вакцинасын берет
Новость www

Россия Кыргызстанга коронавируска каршы 200 миң доза "Спутник Лайт" вакцинасын берет. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Ага ылайык, Орусиянын өкмөтү Кыргызстанга 1 млн 200 миң доллар бөлүү чечимин кабыл алган. Вакцина кайтарымсыз негизде Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу берилет.