Жогорку Кеңеш Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү долбоорун үч окууда колдоду
Новость Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жаңы имараты. Жалал-Абад шаары, 31-август, 2025-жыл.

Жогорку Кеңеш 10-сентябрда Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас кылып өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун карап, дароо үч окууда кабыл алып берди.

 Бир күн мурда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети дагы бул долбоорду үч окууда жактырган.

 Долбоордун демилгечиси – Министрлер кабинетинин төрагасы. Маалымат менен Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев тааныштырып, мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоо, тарыхый инсан, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай чабуулдардан коргогон айкѳл Манастын атын Жалал-Абад шаарына ыйгаруу максатында иштелип чыкканын билдирди.

 Талкуу маалында депутаттар Камила Талиева менен Миргүл Темирбаева мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришип, демилге жергиликтүү калктын өзүнөн чыкканын баса белгилешти. Ошол эле учурда Миргүл Темирбаева калаага Манас баатырдын эстелигин орнотуу зарылдыгын кошумчалады. Ал эми эл өкүлү Акылбек Түмөнбаев аталган маселеде ар кандай тараптардын да пикирин угууну сунуштады. 

Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун колдоп, бир убакта үч окууда кабыл алышты.

Жалал-Абад шаарынын атын Манас деп өзгөртүүнү шаар башчы  Эрнисбек Ормоков демилгелеп, шаардык кеңеш 3-сентябрдагы кезексиз сессияда аны колдоп, маселе Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилген. 

 Жалал-Абад шаары 1870-жылы чакан айыл катары негизделип, кийинчерээк шаарга айланган. 1991-жылы Жалал-Абад облусу түзүлгөндө облус борбору болуп калган. Азыр чоңдугу боюнча Кыргызстандагы үчүнчү шаар. 

Акыркы жылдарда шаарга өзгөчө көңүл бурулуп, бир канча жаңы имараттар, социалдык объектилер салынууда жана ички жолдору оңдолууда.

 Быйыл 31-августта шаарда облустук бийликтин жаңы имараты чоң салтанат менен ачылып, ага өлкө башчысы Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.