Эми маалыматты энергиясыз сактайбыз. Кыргызстандык илимпоз дүйнөнү таң калтырган ачылыш жасады
Новость

Кыргызстандык илимпоз жана ойлоп табуучу Азамат Искембаев энергиясыз маалымат сактоо боюнча жаңы технологиялык ачылыш жасаганын маалымдады. 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө бардык маалыматты сактоого электр энергиясы сарпталат. Ал эми жаңы ачылыш эч кандай энергияны талап кылбайт.

“Биздин ачылыш маалыматты сактоодо жана чыгарууда энергияны талап кылбайт. Ошондуктан муну илим тармагындагы жаңы багыттардын бири жана технологиялардын жаңы баштапкы эволюциясы деп атасак болот. Жакын арада биринчи прототибин коомчулукка сунуштайбыз жана ачылышыбыз аркылуу алгачкылардан болуп дүйнөгө чоң салып кошобуз. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн дээрлик он жыл убакыт кетти”, – деди Искембаев.

Ал ошондой эле бул ачылышы менен Нобель сыйлыгына да талапкер болууга мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады.

“Бул ачылыш менен Нобель сыйлыгынын физика, химия, медицина, экономика, адабият жана тынчтык боюнча номинацияларына, ошондой эле Абель сыйлыгына ат салыша алабыз. Ал үчүн мамлекеттин расмий колдоосу абзел. Ачылыш Кыргызстанды илим жана технология жаатында жаңы бийиктикке көтөрөт деп ишенем”, – деп белгиледи ойлоп табуучу.