Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда, Малайзия парламентинин Сенатынын Төрагасынын орун басары Нур Жазлан Мохамадды Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында кабыл алды.
Тараптар эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын талкуулап, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.
Мамлекет башчысы жогорку даражалуу конокту тосуп алып, Кыргызстан Малайзияны Түштүк-Чыгыш Азия аймагындагы маанилүү өнөктөш катары караарын, анын АСЕАН жана башка аймактык уюмдардагы маанилүү ролун жогору баалай турганын белгиледи.
Президент Кыргызстан Малайзия менен саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, финансылык, билим берүү, туристтик жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле эки тараптуу мамилелердин келишимдик-укуктук базасын бекемдөөгө кызыкдар экенин баса белгиледи.
Ал жакында Малайзияга болгон расмий сапарынын жүрүшүндө Премьер-министр Анвар Ибрагим менен сүйлөшүүлөр болуп, анда эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттары каралып, бир катар маанилүү документтерге кол коюлганын эске салды.
Мамлекет башчысы ошондой эле сапардын алкагында парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн стратегиялык элементи катары ролу өзгөчө белгиленгенин баса көрсөттү. Ал жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн бийликтин бардык бутактарынын, айрыкча парламенттердин макулдашылган өз ара аракети маанилүү экенин белгиледи.
Мындан тышкары, Президент Кыргызстандын өнүгүү жолундагы акыркы жетишкендиктери, анын ичинде экономиканын өсүү динамикасы жөнүндө кыскача айтып берди. Ал санариптик технологиялар бардык тармактарга активдүү киргизилип жатканын, ошондой эле инфраструктураны жакшыртууга, жолдорду курууга, билим берүүнү жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
Президент 2024-жылы кыргыз-малайзиялык кызматташтык активдешкенден кийин эки жактуу сооданын көрсөткүчтөрү бара-бара өсүп жатканын билдирди. Малайзия менен ар кандай эл аралык жана аймактык платформаларда өз ара аракеттенүүгө жана кызматташууга даяр экендиги белгиленди.
Өз кезегинде Малайзия парламентинин Сенатынын төрагасынын орун басары Нур Жазлан Мохамад Президент Малайзияга болгон сапарынын жүрүшүндө жолугушкан парламент жетекчилеринин саламын айтып, өткөрүлгөн диалогдун конструктивдүү мүнөзүн белгиледи.
Ал ошондой эле эки өлкөнүн парламенттеринин ортосунда достук тобун түзүү ниетин билдирип, олуттуу потенциалга ээ Кыргызстан менен кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыкдарлык жогору экенин баса белгиледи.
Нур Жазлан Мохамад 2009-жылы Кыргызстанга келип кеткенин белгилеп, азыркы сапары ага Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөдөгү оң өзгөрүүлөргө жана өнүгүүгө ынанууга мүмкүндүк берерин баса белгиледи.