Бишкекте чет элдиктер үчүн жашыруун кызмат көрсөткөн сойкукана табылды (фотобаян)
Новость

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан системалуу ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында борбор калаанын аймагында караоке клубунун кейпин кийип, чет өлкөлүк жарандар үчүн гана интимдик мүнөздөгү эскорт кызматтарын уюштурган жашыруун жай аныкталды.

Топтолгон материалдардын негизинде, 2025-жылдын 5-сентябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган жайда жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын натыйжасында жашыруун түрдө интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн 36 кыз, ошондой эле бул жайдын кызматынан пайдаланган 19 чет элдик жаран аныкталды.

КР КЖК 160-беренесинин (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) 1-бөлүгүнүн негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган жайдын уюштуруучусу КР жараны «К.А.А.» кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Коомго жат болгон мүнөздөгү иштер менен алектенген кыздардын жеке маалыматтары такталып, ыкчам каттоого алынды. Ошондой эле учурда аларга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексине ылайык тиешелүү чаралар көрүлүүдө.