ТИМ кыргызстандыктарды Непалга барбай турууга чакырды
Новость

Кыргыстандын Тышкы иштер министрлиги Непалдын айрым аймактарында, анын ичинде борбор калаасы Катмандуда өтүп жаткан нааразычылык акцияларына байланыштуу кыргыз жарандарын, ошондой эле Непалда убактылуу жүргөн туристтерди жеке коопсуздукту камсыз кылуу максатында эл көп чогулган жерлерге барбоого жана ар кандай массалык иш-чараларга катышуудан баш тартууга чакырат.

Министрлик ошондой эле Непалга сапар пландап жаткан жарандарга өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды эске алууну жана зарыл болбогон учурда сапарды убактылуу жылдырууну сунуштайт.

Непалдын аймагында жүргөн кыргыз жарандары консулдук жана шашылыш байланыш маселелери боюнча «түз линияларына» кайрыла алат: КР ТИМдин Консулдук департаменти +996 999 312 002 жана Кыргызстандын Индиядагы элчилиги +91 92894 00944 (WhatsApp).