Экологиялык жана техникалык коопсуздукту көзөмөлдөгөн мамлекеттик инспекция, Ысык-Көл облусунда ири өлчөмдөгү карагайлар мыйзамсыз кыйылганын аныктады. Бул иш, Жети-Өгүз районунун тургундары, тоо боорундагы карагайлар көп кыйылып, белгисиз жакка ташылып кетип жатканын айтып инспекцияга кайрылгандан кийин белгилүү болду. Адистер текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында жаратылышка 1 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени такталды.
Өздүк тасмадагы дүмүрлөр жана сулап жаткан карагайлар мыйзамсыз кесилген. Баардыгын экологиялык коопсуздук кызматкери далил катары видеого түшүрүп алган. Текшерүү учурунда жалпы 348 даана дүмүр табылып, 153 куб метр мыйзамсыз кыйылганы аныкталган.
Жети-Өгүз районундагы Саруу эли тоо тараптагы Жууку капчыгайында ийне жалбырактуу дарактар көп кыйыла баштады, токойчулар чара көрбөй жатат деп ишенбей, экологдорго текшерип берүүнү өтүнүп азыр жазышкан.
"Мыйзамсыз карагайлар кыйылган үчүн мыйзамдуу түрдө карап бергиле деп кайрылганбыз. Биздин максат чындыкты чыгаруу, ата-бабадан калган мурас жок кылып атышат. Жакында көп карагай кыйылганда чуркап текшерип бергиле дедик. Коррупция менен күрөшүүгө жардам кылалы деп атабыз"- дейт Саруу айылынын тургуну Акылбек Мамбетов.
Ишти колго алган көзөмөл органы бул тармакта башаламандык менен мыйзамсыз фактылардын бетин ачкан.
POST1RIGHT “Бар экен мыйзамсыз фактылар, карагай кесүү фактылары аныкталды. Муну азыркы учурда токойчу дагы, токой башчы дагы билбейт. Текшерүү учурунда өзүлөрү акты түзүптүр. Азыр териштирүү иштерин жүргүзүп атабыз качан, кантип эмне болгонун”, - деп билдирди Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын аймактык башкармалыгынын улук инспектору Түргөнбек Мамытов.
Токой чарбанын башчысы - үстүнөн текшерүү жүрүп карагай кыйылганы аныкталганын айтып, тиешелүү документтер толук колума тийсе гана түшүндүрмө бере алам деп жооп кайтарды.
Учурда экологиялык көзөмөл инспекциясы мыйзамсыз фактылар калкып чыккан капчыгайга тиешелүү болгон токойчулардын бир жылдык ишмердигин карап жатат. Азырынча экологияга келтирилген зыяндын көлөмү 1 миллион сомдон ашканы айтылууда.
Бул аймактагы бир гана көрүнүш. Бирок жергиликтүү калк карагай көмүскө жолдор менен кыйылып жатканын айтып келет. Буга чейин токой кыюуга мораторий киргизүү маселеси да көтөрүлгөн. Токойду сактап калуу аракеттери көп айтылганы менен карагайларды тынымсыз кыйган кейиштүү абал токтой элек.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118