Акысыз юридикалык жардам берген борбордун жаңы кеңсеси ачылды
Новость www

Мамлекет тарабынан акысыз юридикалык жардам берген борбордун жаңы кеңсеси ачылды. Ага Бириккен Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы колдоо көрсөттү. 

Юстиция министрлигине караштуу аталган борбор 2017-жылдан бери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акысыз укуктук кеңеш берип, сот учурларында жактоочу менен да камсыз кылууда. Жаңы кеңсе Бишкек шаары менен Чүй облусунун жарандарына кызмат кылат.