Төө-Ашууда жаңы альтернативдик туннель курулат
Новость Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусу

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында алтымыштан ашуун долбоор ишке ашты. Жыл башынан бери өлкөдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу боюнча 14 келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директорунун орун басары Улан Данилбеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.  

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында 60тан ашык долбоор ишке ашкан. Алдыда бир катар ири долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.  Алардын эң негизгилеринин бири - Төө-Ашууда ири альтернативдик туннель куруу долбоору. Ал азыркы туннелге караганда ылдый болуп, айдоочуларга ыңгайлуу шарттар түзүлөт.  

Ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке киргизүү жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү жана ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу максатында бир катар мыйзамдарга толуктоолор киргизилген.