Ысык-Көлдө алгач ирет эл аралык X-WATERS сууда сүзүү мелдеши өттү
Новость

30-августта Ысык-Көлдүн жээгинде World Class Kyrgyzstan премиум фитнес клубу тарабынан уюштурулган Кыргызстандын тарыхындагы X-WATERS сериясындагы биринчи эл аралык ачык сууда сүзүү боюнча масштабдуу мелдеш өттү.

Ага 9 өлкөдөн – Беларусь, Казакстан, Кытай, Канада, Румыния, БАЭ, АКШ, Кыргызстан жана Россиядан 367 спортчу катышты. Мындай масштабдуу эл аралык спорттук иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу өтүп, Ысык-Көл дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө толук мүмкүнчүлүгүу бар экендигин далилдеди.

Программа бардык курактагы суучуларды жана чеберчилик деңгээли боюнча ар түрдүү дистанцияларды камтыды: 

·        X-KIDS – 200;

·        X-JUNIORS – 500; 

·        500 метр;

·        1 миль жана 5 км.

Жалпы эсепте жеңүүчүлөр:

500 метр;

Мырзалар: Петров С., Козинец А., Лозин А.

Айымдар: Лазарева И.,Аслаева В.,Толеубекова Б.

1 миль;

Мырзалар: Маков С.,Петров С.,Камалдинов А.

Айымдар: Лазарева Ирина, Титова, Колескина

5 км;

Мырзалар: Кыдырмаев А., Рачапов Р., Шейко А.

Айымдар: Придава А., Колюка С., Дана К.

X-JUNIORS 500:

Мырзалар; Шипилов И., Мусаев С., Усубалиев А.

Айымдар: Алексеева В., Колоколова Е., Ситдикова С.

Иш-чара Ички иштер министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Министрлер Кабинетине караштуу Жаштар иштери, маданият, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен өткөрүлдү.

Мелдештин уюштуруучулары катышуучулар менен коноктордон эң жогорку баа алышты. Спортчулар коопсуздуктун мыкты деңгээлин, өзгөчө атмосфераны жана Ысык-Көлдүн табигый кооздугу менен спорттун айкалышын баса белгилеп, алардын спорттук карьерасындагы эң кызыктуу учурлардын бири болгонун кошумчалашты.

Акырында X-WATERS Issyk-Kul – 2026 мелдешине катталуу башталып, бир нече күн ичинде эле ондогон спортчулар арыз тапшырышты. Бул Кыргызстандагы спорттук иш-чаралар дүйнөлүк деңгээлге чыкканынын жана Ысык-Көлдөгү X-WATERS эл аралык салтка айлануу мүмкүнчүлүгүнүн далили болуп турат.