Мугалимдер күнүнө карата өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкондор сыйланды
Новость www

Борбор калаада карылар күнү менен катарлаш келген мугалимдер майрамына карата мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп келе жаткан инсандар сыйланышты. 

Аларга ар кандай даражадагы төш белгилер ыйгарылды. Анын алкагында “Эмгек кылсаң жашыңдан, дөөлөт кетпейт башыңдан” аталышында конференция уюштурулду. Иш-чаранын максаты - улгайган адамдарга урмат көрсөтүү жана жаш муунга билимин талыкпай берип келген мугалимдерди сыйлоо менен бирге өмүр сакчыларынын күжүрмөн эмгегин баалап, ыраазычылык билдирүү болду.