Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетиндеги Түрк тарыхый паркында Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун эстелиги ачылганын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлайт.
Айкелдин ачылышына Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, шаар жетекчиси Энвер Демирел катышты. Алар эстеликке гүл коюп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүсүнүн жаркын элесине таазим кылган. Сейил бакта Жусуп Абдрахмановдун эстелиги менен катар түрк тилдүү мамлекеттердин негиздөөчүлөрү – Кемал Ататүрктүн, Мамед Эмин Расулзаденин, Нурсултан Назарбаевдин, Ислам Каримовдун, Гурбангулы Бердимухамедовдун айкелдери бар.