Соцфонд: пенсия өз убагында төлөнүүдө
Новость KTRK/videograp

Ушул жылы пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө үчүн 33 млрд 259,9 млн сом көлөмүндө бардык керектелген сумма толугу менен каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев билдирди. 

Анын айтымында, 1-сентябрга карата пенсия боюнча карыз жок. “Учурда өлкө боюнча пенсионерлердин саны 709 миң 728 адамды түзөт. Алардын ичинен 237 миңдейи же жалпы санынын 33 пайызы “Кыргызпочтасы” аркылуу пенсиясын алса, 472 миңи же 67 пайызы республикалык банктардан акчасын алат”, - деди Социалдык фонддун төрагасы.