Кыргызстанда акыркы бир суткада 17 өрт кырсыгы катталды
Новость www

Кыргызстанда акыркы бир суткада 17 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 20 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 5, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.