"Байболот" кендин тегерегиндеги чыр уланууда
Новость

Эки жылдан бери Нарын районундагы "Миң булак" айыл аймагындагыларда тынчтык жок. Алар өздөрүнө таандык "Байболот" өрөөнүндөгү алтын кенин иштетүүгө каршы чыкканы менен майнап чыкпай жатат. Элеттиктердин пикиринде, ушул аймакты өздөштүрүп, алтын казганы келген "Сөйкө" фирмасы өз билгендерин жасашууда. 

 Жакалашканга чейин барган мындай чырдын чыгышына кайрадан эле мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигиндеги башаламандык себеп. Бул мекеме мындан эки жыл мурун "Сөйкө" фирмасына Нарын токой чарбасына таандык 1100 гектар жерди чалгындоого руксат берет. Бирок, негедир аны акыр-аягына дейре көзөмөлдөө унутта калган. Ал эми андан да ашып түшкөн өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитети жогорудагы ишкананын чындап эле бай болушун кааладыбы же анын бир аз байлыгын өз энчисине басып алгысы келдиби, айтор, «Байболоттогу» алтынды казууга уруксаатын берген.
 Миң булактыктардын айтымдарында, мындай эркиндик "Сөйкө" фирмасынын чырагына май тамызып, андагылар азыртан эле алтын чайкоого киришкен. Мунун кесепетинен эл пайдаланган сай суусу булганып, ден соолукка коркунуч туулган.
Негизи биздеги мыйзам актылары эң ириде экологиялык коопсуздукту камсыздоого багытталгандыгы баарысына белгилүү. Бирок, «Байболоттун» мисалы жаратылышты сактоого жана коргоого милдеттүү мекемелер да алтын казуучулардын алдында алсыздык кылаарын көрсөтүүдө. Алсак, Нарын токой чарбасындагылар мында кыйылган карагайлар үчүн 47 миң сомдук доо өндүргөндүгүнө кудуңдашса, экотехинспекциясындагылар эптеп эмгек акы алгандарына курсант.
 Ал эми ал ортодо жаратылыш жабыркап, экология бузулууда. Минте берсек, кудайдын бейиши делинген кыргыз жергесинен ажырап калчуу күн анча деле алыс эмес. Муну мыкты түшүнгөн Нарын райондук бийликтин же «ак», же «көк» дебей, талкан сугунуп алгандыгы ого бетер зээн кейитет. 


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118