Кыргызстан менен Тажикистан суу ресурстарын жөнгө сала турган мамлекеттер болсо да, Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө караганда иче турган сууга бул аймактарда жетишсиздиктер көп. Бул тууралуу республиканын тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Душанбеде “Сууну жана тазалыкты колдонууну жалпыга камсыздоо”,- деп аталган эл аралык симпозиумда айтты. Иш чарага катышкан адистер аталган эки өлкө суу башында туруп, бирок эч кандай суудан пайда көрбөй, тескерисинче чыгашага учурап келгендигин билдиришет. Тактап айтканда, чөлкөмдө суу ресурстары туура эмес колдонулуудан ысырап болууда. Андыктан Борбор Азия өлкөлөрү пайдалангандары үчүн компенсациялоо механизмин иштеп чыгышы керектигин баса белгилешти.
Эскерте кетсек, 9-10-августта Тажикстанда алтынчы туруктуу өнүгүүнүн максаты боюнча жогорку деңгээлдеги эл аралык симпозиум өткөн.