Бала менен чымчыктар шаар тургундарын тазалыкты сактоого жана жашылдандырууга чакырат. Мындай сүрөт Бишкектеги Муратаалы Күрөңкеев атындагы кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын дубалына тартылган.
Чымчыктардын сайраганын чагылдырган ноталар жөн жерден коюлган эмес. Анткени граффити Муратаалы Күрөңкеев атындагы кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын дубалына тартылган. Жашылдандырууга арналган бул сүрөт “Мен Бишкекти жакшы көрөм” долбоорунун негизинде ишке ашкан. Бир жумадан ашык убакытты талап кылган граффитини бир эле сүрөтчү жарата койгон эмес.
Социалдык темадагы сүрөттүн авторлору эртели-кеч бул чыгарма шаар тургундары менен меймандарын Бишкектин тазалыгын сактоого жана жашылдандырууга чакырып турат деп эсептешет.
Долбоордун алкагында дагы эки тема боюнча көп кабаттуу үйлөрдүн маңдай жагына сүрөттөр түшүрүлөт. Алардын кайсы темада болоору шаардыктардын сунушун талдап көргөндөн кийин такталат.