Авариялык абалга тиешеси барларга административдик чара көрүлдү
Новость

“Жунда” мунайды кайра иштетүүчү заводдон чыккан авариялык кырдаалга тиешеси бар жумушчуларга административдик чара көрүлдү. Белгилей кетсек,  17-июль күнү  аталган  ишканада    кызматкерлердин шалаакылыгынан улам, авариялык кырдаал түзүлгөн.  

Заводго жакын жашаган жергиликтүү калк химиялык жыт каптаганынан арыз менен экотех инспекциясына  кайрылышкан.

Бүгүнкү күндө заводдун техникалык абалы  адистер тарабынан текшерүүдөн өтүп, мурдагы калыбында  толук кандуу иштөөгө киришти.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118