Кооз жаратылышы менен таанылган Сары-Челек, Падыша-Ата жана Беш-Арал коруктары эми ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесинде. 10-июлдан 20-июлга чейин Стамбулда ЮНЕСКОнун маданий мурастарды коргоо боюнча кезектеги жыйынында Кыргызстандын бул үч коругу тизмеге кирди. Мындан улам корук кызматкерлери көп жылдык ак эмгектин акыбети кайтканын айтышат.
1959-жылы негизделген Сары-Челек коругу кооз жаратылышы менен белгилүү. Көлдүн тереңдиги 244 м, туурасы 3 миң метр, узундугу болсо 8 чакырымга созулат. Көлдөн Кожо-Ата чакан дарыясы аркылуу суу сыртка агып чыгып, Нарын дарыясына куят. Корук аймагында жан-жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн көпчүлүгү кызыл китепте.
POST1RIGHT Корукта токой, аны менен байырлаган жаныбарларды коргоо, илимий байкоо жүргүзүү жана экологиялык туризимди өнүктүрүү каралган. Учурда 30га жакын кызматычы эмгектенет. Коруктун аянты 23миң гектардан ашат. Ал эми бул кооз жаратылыш коругун ЮНЕСКОго киргизүү аракеттери 2005-жылы эле башталган.
Сары-Челек сыяктуу эле Кашка-Суу айыл аймагындагы Падыша-Ата мамлекеттик коругунда да кызыл китепке кирген өсүмдүктөр менен жаныбарлар бар. Мында мин түрүү өсүмдүктөр өсөт, жаныбарлардын болсо 30га жакын түрүн кезиктирүүгө болот. Өзүнүн жаратылыш кооздугу менен биринен бири калышпаган мындай жерлердин ЮНЕСКОнун тизмесинен орун алганы туристер менен жергиликтүү элди кубандырат.
ЮНЕСКОнун жараталыш мурастар тизмесинин катарын Чаткал районундагы Беш-Арал мамлекеттик коругу толуктады. Адистердин айтымында бул үч коруктун бир учурда тизмеге алынышы чоң ийгилик. Анткени дүйнөлүк макамга ээ болуу үчүн көптөгөн өлкөлөр аракет кылат. Тизмеге кирген коруктар болсо өзгөчө коргоого алынат.
Эскерте кетсек буга чейин Сулайман-Тоо, Чүй боорундагы Суяб, Баласагын шаарлары Юнесконун тарыхый мурастар тизмесине алынган. Ал эми маданий мурастардын катарына Манас үчилтиги, шырдак, ала кийиз жана кыргыз боз үйү кирген.
Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118