Жер-Үй кенин иштетүүдөн кийин айлана чөйрөгө тийгизген таасирлери кандай болот?
Новость

Талас областында Жер-Үй кенин иштетүүчү «Альянс-Алтын» коомдук фонду элдик жыйын өткөрүштү. Анда Жер-Үй кенин иштетүүдөн кийин айлана чөйрөгө тийгизген таасирлер кандай болот? - деген маселе талкууланды. Кен иштетүүгө келгенде - Таластыктарды түйшөлткөн негизги маселе бул, экологиянын коопсуздугу болуп турат.

Жер-Үй кени ачылыш керекпи же жокпу деген суроо негизги маселеге айланган. Элди кызыктырган суроолоруна жооп берүү үчүн Жыйынга Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, аталган коомдук фонддун өкүлдөрү, област жетекчилери жана ар бир райондун активисттери катышты. Күн тартибинде «Жер-Үй» алтын кенин иштетүүдөн айлана-чөйрөгө залакасы тийбейби деген маселе коюлду. 

Алтын-Алянс коомдук фондунун өкүлдөрү алтын кенин иштетүү технологиялары тууралуу кенен түшүндүрмө берди. Алардын айтымында экологияга өтө аз өлчөмдөгү гана таасир тийгизиши мүмкүн. Анткени аталган компания алтын казуудагы эн акыркы технологияны колдонгону жатат.

Жыйында кендин казылышына каршы болгон тарап да болду. Кен казылуучу жерге жакын жайгашкан бул Бекмолдо айыл аймагы. Жыйынга келген айыл аксакалдарынын бири эгер экологияга зыяны тийбей, мыйзам чегинде иштей турган болсо каршылык жок экендигин айтты.

Жыйындагыларды кен ачылып калса канча адам иш менен камсыз болоору да кызыктырды. Берилген маалымат боюнча 1000 киши жумуш орду менен камсыз болот. Анын 90 пайызы жергиликтүү элден алынат.

Аталган компания кен ачыла электе эле ири суммадагы акча каражатын которгон. Жыйынга катышкандардын көпчүлүгүн каражат маселеси кызыктыргандыктан «Жер-үй фондунан бөлүнгөн каражаттар туура, максаттуу пайдаланылабы деген суроо кызыктырды. Бул багыттагы саясат ачык айкын жана максаттуу болоорун област жетекчилиги баса белгилеп өттү. Мунун күбөсү катары айта турган болсок айрым айыл өкмөттөр керектүү техникаларды сатып алышкан.