Шашылыш билдирүү: Кыргызстанды кайрадан жаан-чачын күтүп турат
Новость

Кыргызстанды ысык аба-ырайынан кийин кайрадан жаан-чачын  күтүп турат. Синоптиктер шашылыш билдирүү таратышып, 14-17-июлга чейин жаан жаай тургандыгын эскертишет. Адистердин айтымында, абанын мындай кескин өзгөрүшү адамдардын ден-соолугуна таасирин тийгизип,  өзгөчө бронхит, жүрөк оору илдеттерин козгойт. Ошол себептен, алар жарандарды аба-ырайына жарашатуура кийинишип, муздак суусундуктарды колдонбоого чакырат. 

Кыргызгидрометеорология агенттигинин маалыматына ылайык, быйыл жай айларында абанын температурасы нормадан жогору болбойт. Агенттиктен билдиришкендей: үч айга алдын ала божомол жасоо мүмкүн эмес. Андыктан алар бир айдыкын гана айта алышат. Ошол божомолдордун 60 пайызы дал келет дейт адистер. Июль айына жасалган илимий божомолдорго ылайык өлкөнүн 7 облусунда тең орточо температура климаттык нормага жакын болот. Чүй облусунда айдын биринчи жарымында күндүзү 30 35 градус ысыса, айдын экинчи жарымында түштүк аймактарда  33…39 градуска чейин ысык болушу күтүлөт.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! 

WhatsApp +996551748118