Быйылтан тарта Ысык-Көл биосфералык аймагы көлдүн айланасына гана эмес, көл суусунун тазалыгына да өзгөчө маани берип баштады. Ар кандай долбоорлорду ишке ашырып, грант аркылуу суунун курамындагы зыяндуу заттарды аныктоочу жабдыктар менен камсыздалууда.
Демейде көлдүн сезону башталганда жана аяктап баратканда гана текшерилип туруучу суунун курамы, эми ар дайым текшерүүдөн өтө турган болду. Себеби Ысык-Көл биосфералык аймагы жакында эле Япониядан суунун тазалыгын текшерип туруучу жаңы жабдык сатып алды. Эми бул аппараттын жардамы менен жээктеги күмөн жараткан жерлер жана сугат суусу менен кошо көлгө агып кире турган суулар ар дайым көзөмөлдөн өтүп турат.
"Хариба" деп аталган бул жабдык көлгө 30 метрге чейин тереңдикте салынышы керек. Ошондо гана суунун курамындагы заттардын кайсынысы канча өлчөмдө экендигинен баштап, суунун температурасына чейинки көрсөткүч монитордон көрүнүп турат.
Көл жээгиндеги баардык эс алуу жайларынан чыккан саркынды суулардан баштап, айдоо жерлерди сугаруу учурунда көлгө кире турган аймактарды айланып текшерүү үчүн албетте суу унаасы керектелет. Эл аралык уюмдар атайын грант аркылуу, суунун аркы жээк, берки жээгине өтө ылдамдыкта сүзө турган чоң кайык берүүнү убада кылууда.
Ысык-Көл биосфералык аймагы көлдөгү канаттууларга да байкоо жүргүзүп турат. Көлдү ортолой салынган мына бул секиче, дал ушул куштарга көзөмөл кылып туруучу жай катары салынган. Андагы иштеген адистердин баамында, акыркы жылдары Көлгө келип байырлачу канаттуулардын саны азайып баратат.
Негизинен жаратылышты коргоо боюнча иш алып барган Ысык-Көл биосфералык аймагы, чет элдик маалымат каражаттарына чейин көтөрүлгөн, Балыкчы шаарындагы нефтинин калдыктарын тазалоого да бел байлап жатат. Учурда такталып жаткан каржы маселеси оңунан чечилип калса, быйылкы көлдүн сезону аяктаганча, көлгө жакындап келаткан жер астындагы кара майдын калдыгы түп орду менен жок болот.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118