Кыргызстандагы сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен канаттуулар
Новость KTRK/videograp

Кыргызстанда сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен канаттуулардын бир нече түрү сүрөт капканына түшүп калган. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, апрель айында "Хан Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркы менен Сарычат-Ээрташ коругунун аймагында сүрөт капкан орнотулган. 

Тартылып калган сүрөттөргө ылайык, бул аймактарда суур, түлкү, элик, аркар, илбирс жана аюлардын байырлаары белгилүү болду. Учурда изилдөөчүлөр бул жаатта, сейрек кездешкен сүт эмүүчүлөрдүн көбөйүүсүнө шарт түзүү боюнча иш жүргүзүүнү колго алууда.