Аптаптуу ысыктан кийинки, нөшөрлөп жааган жамгыр республика боюнча суулардын деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келди. Натыйжада айрым аймактарды суу каптоо коркунучу жаралып, кээ бир жерлерде көпүрөлөрдү суу агызып кетүүдө. Мындан тышкары айдоо аянттары менен жайыт аймактарын суу каптап жатат.
Жарды Кайыңды каналы Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан. Канал ташкындагандан кийинки кесепети тийген жерлер Күрпүлдөк айыл аймагына карайт.
Каналдан ашып түшкөн суу кырк гектардан ашык жайытты баскан соң, андан ары жылып баштаган. Мындан улам өзгөчө кырдаалдар министрлиги жайыт жерге топтолгон сууну дренаждык каналга агызуу үчүн атайын арык чаап чыгышты. Антпесе суу ташкыны дагы жайылып, 90 гектар айдоо аянтына кедергисин тийгизмек.
POST1RIGHT Ал эми бул Талас суусунун бүгүнкү күндөгү көрүнүшү. Демейдеги деңгээлинен бир топко жогорулаган дарыя, буга чейин Көк кашат айылындагы көпүрөнү алып кеткен. Бүгүн болсо Талас шаарындагы стадионду суу каптап, эки үйдүн короосуна чейин кирди.
Баарынан да Нарын дарыясынын деңгээли коркунуч жаратууда. Кечээ дарыядагы суунун ылдымдыгы секундасына 700 куб метрге жеткен. Мындан улам жээкке жакын жашаган тургундар жакасын карманышууда.
Нарын дарыясы жай аккан кезде бул асма көпүрө аркылуу эл аркы берки өйүзгө каттачу. Эми болсо андан өтүүгө тыюу салынды. Суунун деңгээли көпүрөгө жетип, а түгүл агымдын кубаттуу күчү жыгачтарын сындырып кетүүдө.
Анткен менен азырынча дарыя жээктеги турак жайларга зыянын тийгизе элек. Бирок дагы төрт метрге көтөрүлсө, 80ден ашуун үйдү капташы мүмкүн. Азыр анын 13 - кооптуу абалда.
Ат Башыдагы Баш кайыңды айылында болсо суу ташкынынан улам көпүрө бузулду. Андан тышкары алты үйдүн короосун суу басып калды. Учурда кырсыктын кесепетин жоюу багытында өзгөчө кырдаал министрлиги менен жергиликтүү бийлик иш алып барууда.
Жалпысынан алганда өлкө боюнча суу ташкындары турак жайларга олуттуу зыян келтирген жок. Бирок инфраструктурага залалын тийгизип, жолдорду каптап, көпүрөлөрдү бузуп кетти. Мындан тышкары айыл чарба жана жайыт жерлерине кесепети тийип жатат.
Кыргызстандын дээрлик баардык аймактарындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү, өтө аптаптуу ысыктан кийинки нөшөрлүү жамгырга байланыштуу. Анткени ысыкта ээриген мөңгү сууларына жамгыр кошул ташыл болуп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба ырайы дагы бир күн кармалышы мүмкүндүгүн эскертүүдө.