Чүй облусундагы беде аянттарын суу каптап жатат
Новость ktrk/videograp

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлгөндөн улам облустагы 6 гектар беде суу астында калды. Өзгөчө кырдаалдар министринин тапшырмасы менен Күрпүлдөк айылына ыкчам топ барды. 

POST1RIGHT Маалыматтарга караганда, мындай абал аба ырайынын кескин ысып кетишинен жана тоолуу райондордо жааган нөшөрлүү жамгырдан улам жаралды. Натыйжада Панфилов районунун Күрпүлдөк айылы аркылуу өткөн Аспара дарыясынын деңгээли көтөрүлгөн. 

Азыркы тапта ачылып калган жээктерди бекемдөө иштери жүргүзүлгөн жок. Анткени ал жакка инженердик техникалардын барышына мүмкүн болбой жатат.