Монголиядагы «Нойон тоосун сактоо» кыймылы Селенгинск аймагындагы Нойон тоосунун айланасында казуу иштерин пландап жаткан Centerra Gold Inc. компаниясына таандык 4 лицензияны токтотуу боюнча доо арызы менен Улан-Батордун административдик сотуна кайрылды.
POST1RIGHT Info Mongol агенттиги билдиргендей, арыздануучу тарап доо арызды 4-апрелде берип, андан кийин сот лицензия берилген участокту иликтөөгө алган.
Натыйжада сот Канадалык компаниянын лицензиясын токтотуу чечимин чыгарды. Жарандык коомдун өкүлдөрү Нойондогу кенди казуу иштери жаратылышка терс таасирин тийгизет деп эсептейт.
Белгилей кетсек, Нойон тоосундагы Гацуурт кенин казуу боюнча 4 лицензия "Центеррага" таандык.