Талас дарыясы көбөйүп, суу жээктердеги тал теректерди агызмак турсун токойдун ичин да каптап кетти. Буга акыркы мезгилдеги бир ай бою тынбай жааган жамгырдын натыйжасы.
Бирок жамгыр токтоп күн жылый баштаган маалда тоодогу карлар ээрип Талас суусу дагы кирди. Жыйынтыгында суунун көбөйүшү Киров суу сактагычынын мелт-калт толушуна алып келди.
Адатта суу сурап чабарман жөнөткөн коңшу Казакстандыктар бул жолкусунда ашыкча суу үйлөрүбүздү каптап, айдоо жерлерди басып кетти. Азайтсаңар жакшы болмок деп келишти.
Бирок биздин адистер мындан ары сууну азайтмак турсун ого бетер көбөйтөбүз деген чечимге келишти. Антпесе мындай көп өлчөмдөгү сууну суу сактагыч көтөрө албай калышы мүмкүн деп жатышат. Учурда ал жердеги жагдай кандай болуп жатканы туурасында аймактагы кабарчыбыз
Өткөн жылы Талас облусунда суу тартыш болсо, быйыл суунун көптүгү коопту абал жаратты. Киров суу сактагычында суунун көлөмү 545 млн кубга жетти. Адистердин маалыматы боюнча суу сактагычтын сыйымдуулугу болсо, 550 млн гана куб. Мындан улам күнү-түнү суунун агымы көзөмөлдө болуп жатат.
Талас дарыясынын он жана сол жагындагы суулардын агымы көбөйүп суу сактагычка кирген суунун көлөмү 136, 137 мин куб, ал эми чыгышы 125 мин кубду түздү. Түзүлгөн кырдаалга коңшу Казак тарап бушайман. Суунун көптүгү айрым жерлерде үйлөргө кирип, айдоо жерлерди каптап жатат дешет коңшулар.
Облуста түзүлгөн кырдаалга байланыштуу жарандык коопсуздук кызматынын башчысы суу сактагычка кирген суунун көлөмүн азайтуу багытында тийиштүү мекемелерге тапшырмаларды берген. Абалды жөнгө салуу максатында Жамбыл облусунун акиминин орун басары дагы Талас областынын жетекчиси менен жолугушууга келди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө суу сактагычтан чыккан суунун көлөмүн дагы көбөйтүү керектиги айтылды. Себеби суу толуп кетсе суу сактагыч көтөрө албай калышы мүмкүн.
Өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери жана суу чарба башкармалыгы, карапайым эл менен бирге дарыя жээктерин бекемдөө иштерин жүргүзүүдө. Айрым жерлерде жеке үйлөргө чейин суунун агымы келген учурлар кездешет. Сай жээгиндеги тал теректер да сууга туруштук бере албай жыгылууда. Учурда суунун агымына тийиштуү мекемелер тынымсыз көзөмөл кылууда.