Жыл өткөн сайын өлкөдө темир тулпарлардын саны арбыган сайын унаа тейлөөчү кызматтарга да суроо-талап жогору болууда. Аларга желимдөө, май алмаштыруу жайлары, унаа жуучу жайлар жана башка ушул сыяктуу кызматтарды айтсак болот. Азыркы тапта ушулардын ичинен мол киреше алып келгендеринин бири унаа жууган жайлар.
Суроолорго орой жооп берген жигит Бишкектин Фрунзе-Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа жуучу жайда иштейт. Өзүн администратормун деп тааныштырганы менен, тиешелүү суроолорубузга жооп берүүдөн баш тартты. Анткени унаа жуучу жайдын астында жарнамалык такталар түрү менен турат. Анан дагы, элдер өтө турган тротуар, так эле унаа жуучу жайдын түбүнө келип такалган.
Кызыл-Аскер аймагындагы бул унаа жуучу жайда болсо, унаалар таптакыр эле тротуардын үстүндө тазаланат. Кожоюндар үчүн мындай жагдай өтө кирешелүү болгону менен, ары-бери өткөн жарандарга ыңгайсыз.
Аламүдүн районундагы Чолпон-Ата көчөсүндө болсо, жолдун чекеси эле унаа жуучу жайга айланып калган. Кээ бир айдоочулар өзүлөрү атайын ушул жерге келип унааларын жууп кетишсе, айрымдары арзанына карап, дал ушул жерге келишет. Эч кандай канализациянын жоктугу, кир суунун көчөнү каптап агып жатканы, жолго карай аккан суу, жолдорду жеп жатканы эч кимди деле кызыктырбаган сыяктуу.
кологиялык-техникалык эрежелерге ылайык, ар бир унаа жуучу жай, жолдон бир канча аралык алыстыкта жайгашып, коомдук жай деп саналган тротуарларды жаппай туруш керек. Бирк Бишкек шаарында 200 дөн ашык унаа жуучу жайлар бар болсо, алардын көпчүлүгү бул эрежелерге дал келбейт.
Экологиялык жана техникалык жактан кооптуу делген унаа жуучу жайларды ачууга 2009-жылы шаардык кеңеш тарабынан мораторий жарыяланган. Бирок бул иш көзөмөлгө алынбай калгандыктан, өзгөчө жай мезгилинде көрүнгөн жерде унаа жууган жайлар ачыла баштайт.
Адистердин баамында мындай кызмат көрсөтүү экологиялык жактан зыян алып келүүдө. Себеби унаа жуучу жайлардын көпчүлүгү канализацияга улашпагандыктан, агып чыккан суу саркындысы түздөн-түз топурака аралашып, жер суунун бардыгын экологиялык жактан зыянга учуратууда.