Бишкекте айлана-чөйрөнү коргоонун эл аралык күнүнө жана экологдордун кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүүдө. Анын бири бүгүн курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги менен бир катар эл аралык уюмдардын демилгеси астында уюштурулду. Ар жылы бул күндү белгилөө үчүн экологияга байланышкан бир тема тандалып алынат. Быйыл ал “Жапайы жаратылыш үчүн күрөш” - деп аталды.
Анын алкагында жапайы жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз сатканга каршы күрөшүү, буга дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруу жана айлана-чөйрөнү коргоодогу көйгөйлөргө тиешелүү чараларды көрүү аракеттери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле бүгүн Борбордук Тянь-Шандын өзгөчө корголуучу аймактары тууралуу “Атлас флоры и фауны” китебинин бет ачары болуп, китепте Кыргызстандагы коргоого алынган сейрек кездешүүчү жаныбарлар, дары чөптөр, жер кыртыштары, миңдеген гектарларды ээлеген карагайлар жана кылымдардан бери жаткан мөңгүлөрдүн ээрип жаткандыгы тууралуу маселелер камтылган. Кыргызстанда айлана-чөйрөнү коргоонун эл аралык күнүн 5-июнда белгилөө чечими 1999-жылы кабыл алынган.