Бишкектин райондор аралык соту “Кумтөр Оперейтинг компани” ишканасынан, айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн 6 жарым миллиард сом өлчөмүндөгү каражатты төлөтүү боюнча Мамлекеттик эко-тех-инспекциянын доо арызын кароону улантты.
Бул жалпысынан 7 миллиард сомдон ашкан акчаны түзгөн төрт доо арыздын бири. Текшерүү маалында айрым бир эреже бузуулар катталган.POST1RIGHT
Айта кетсек кен калдыктары мөңгүлөрдү булгап, жыйынтыгында булганган суулар дарыяларга кошулушу мүмкүн. Мындан сырткары балким сууну тазалай турган заводдорду куруу муктаждыгы жаралышы дагы ыктымал.
Мамлекеттик экотехинспекциянын өкүлүнүн айтымында, 2014-жылга карата компания тарабынан бир жарым миллиард тонна кен калдыгы чыккан. Жыйынтыгында Бишкектин райондор аралык соту доо арызды канааттандырып, 6 жарым миллиард сом өлчөмүндөгү каражатты төлөсүн деген чечим чыгарды.