Экологиялык зыян үчүн ким жооп берет?
Новость KTRK/videograp

Кумтөрдүн айланасында кезектеги чуу өткөн айдын акырында башталды. Бул жергиликтүү телеканалдардын бири тарткан тасма. Анда күч түзүмдөрүнө кирген төрт мекеменин тергөөчүлөрү, соттун чечими менен «Кумтөр Голд Компани» ишканасында тинтүү жүргүзгөн. 

Буга компаниянын активдери менен каражаттарынын мыйзамсыз чыгарылганы боюнча козголгон кылмыш иши негиз болгон. Мындан эки күн өтпөй Кумтөрдүн эки вице-президенти Кыргызстандан чыгып кеткен. Учурда иш боюнча чыгымдын суммасын аныктоо уланып жатканы, жыйынтыгы менен буга тиешеси барлардын бардыгы кылмыш жоопкерчилигине тартыларын башкы прокуратура маалымдады. POST1RIGHT
Бул арада Бишкектин райондор аралык сотунда Мамлекеттик экотехинспекциянын Кумтөргө каршы доо-арызы боюнча ишти кароо жанданды. Ишкана 2009-жылга чейин Кыргызстанга келтирилген экологиялык зыяндары үчүн бир тыйын төлөбөй иштеп келген. Мамлекеттик экотехинспекция 1996-жылдан тартып 2011ге чейин - 16 жылда топтолгон зыяндын көлөмүн дээрлик 7 миллиард сомго баалап жатат. Мамлекеттик орган буга байланыштуу сотко 4 доо-арыз менен кайрылган.POST2LEFT

2009-жылы ошол кездеги бийлик Центерра менен жаңы келишим түзгөн. Анда экологиялык маселелер эске алынганы айтылып, Кумтөр Кыргызстанга келтирилген зыяндары үчүн жылына 310 миң доллардан төлөп бермей болот. Чет элдик инвесторлор бул келишимде көрсөтүлгөн каражатка алтын өндүрүүдөн келип чыккан жеңил-желпи гана зыяндарды киргизип коюшкан. Чынында зыяндын көлөмү бул суммадан бир нече эсе көп болгон дешет.

POST3RIGHT
Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги болсо 310 миң доллардын укуктук макамы такыр эле белгиленбегенин жана зыяндардын кайсынысы канча каражатка татыганы так көрсөтүлбөгөнүн айтып жатат. Эреже боюнча экологияга келтирилген зыян атайын белгиленген, зыяндын иш жүзүндөгү көлөмүнө жараша аныкталышы керек.

Мына ушундан улам айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги дагы 2013-жылы сотко доо-арыз менен кайрылган. Алар инвесторлорду тоо-кен калдыктарын мөңгү үстүнө жайгаштырган, кен иштетүүдөн чыккан сууларды дарыяга куйган жана абаны нормасынан жогору көрсөткүчтө кирдеткен деп айыптоодо. Мамлекеттик агенттик дагы келтирилген зыян 16 жылга эсептелиши керек деген турумду карманууда.

Мына ушундай шылтоолор менен Кумтөр соттук иштерди жылдап созуп келатат. 20-майда Экотехинспекциянын койгон доо-арызы боюнча соттук отурумда Кумтөр ишканасынын өкүлү Магомед Содуев, арыздын мөөнөтү эскирип кеткендигине байланыштуу сотко бул ишти кароону токтотуу өтүнүчүн келтирген. Бирок сот өтүнүчтү четке какты. Компаниянын өкүлдөрү өздөрүнүн негиздемесинде 2009-жылдагы “Центерра Голд Инк” менен Кумтөр Оперейтинг Компанинин ортосунда түзүлгөн келишимге шилтеме жасашууда. Анда өкмөт менен компания 2009-жылдын 6-июнуна чейин алтын кенде орун алган кандай гана экологиялык мыйзам бузуулар болбосун, бири-бирине доо коюудан баш тартуу милдеттемеси жазылган. Эксперттердин пикиринде, маселенин бардыгы ошол 2009-жылдагы түзүлгөн келишимден чыгып жатат.

Кыргыз тарап ал келишим 2009дан 2011жылга чейин - 3 жылды гана өзүнө камтыырын белгилеп келишет. Кумтөр ишканасын канадалык “Центтерра” жабык акционердик коому башкарат. Көзөмөлдөө укугу канадалыктарда, анткени Кыргызстан Кумтөрдүн акцияларынын 33 гана пайызына ээ. Компания дүйнө жүзү боюнча анын карамагында ири алтын кендерди бар экенин айтып келет, бирок Кумтөрдөн чоңу жок экенин жашырганга аракет кылышат.

Жыпар Жекшеев депутат кезинде Кумтөр көйгөйү менен узак убакыт алектенген. Ал алтын кен маселесинин бир жактуу чечилбей келатканын- аткаминерлердин паракорчулугуна байланыштырат. Убагында канадалыктар бардыгын- министрлерден тартып президент Акаевке чейин сатып алган дейт.
 
Саясатчылар канадалык компаниянын ишмердиги баштан эле мамлекеттик деңгээлдеги ызы-чуулар менен коштолуп келатканын айтышат. Алтын кенге байланыштуу алар Монголиянын бийликтери менен да чатакташканы маалым. Булардын бардык жерде бир эле ыкма менен аракеттенери белгилүү болуп калды- дароо өкмөттү эл аралык сотко беребиз деп коркутууга өтүшөт дешет.


 Элдик Репортер КТРК :  кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118