Баш калаадагы Гареев атындагы Ботканикалык бакта чыныгы элдик майрам өттү. Шаардыктар жана меймандар үчүн уюштурулган бул иш чара “Жашыл Бишкек: Ботаникалык бактын кайра жанданышы” деп аталган фестивалдын алкагында уюштурулду.
Иш-чаранын максаты шаардын бак-дарактарына, жалпы эле экологияга аяр мамиле жасоо. Себеби соңку учурда калаанын жашыл аймагы кыскарып, бак-дарактардын саны кескин азайып жатканы белгилүү.
Мындан улам фестивалдын уюштуруучулары иш-чара Бишкектин жашыл шаар макамын кайтара турган- жаратылышты коргоого багытталган алгачкы аракети болуп калат деген ойдо.
Фестивалдын жүрүшүндө жүздөгөн шаардыктар жарманкеге, балдар студиялары тарабынан даярдалган оюн-зоокторго, балдар үчүн уюштурулган спорттук мелдештерге, сүрөт боюнча таймаштар, бакчаны жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча мастер-класска жана өсүмдүктөрдүн көргөзмөсү менен концерттик программага күбө болушту.
Тургундардын айтамында, шаарды таза жана жашыл сактоого чакырган иш-чарлар өз натыйжасын берет.