Бишкекте “Ботаникалык бактын жаралышы” фестиваль өткөрүлөт
Новость photo: ktrk.kg

Эртең Бишкекте “Ботаникалык бактын жаралышы” деген темада фестиваль өткөрүлөт. Иш-чара - Ботаникалык бакты сактап калуу жана бакчаны калыбына келтирүү максатын көздөйт.

Куураган бутактардан жасалган - жылкы, төө, элик, канаттуулар жана көптөгөн жан жаныбарлар. Мунун баардыгын Бишкектеги Ботаникалык бактан тапса болот. Эмгектер - Көркөм окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнө таандык.

Ботаникалык бактагы шарт сүрөтчүлөрдүн колу менен түзүлүүдө. Бакка келгендер үчүн өзгөчө жасалган орундуктар да каралган. Алар жылуулугу, ыңгайлуулугу, эң башкысы экологиялык тазалыгы менен айырмаланат.