Кумтөр ишканасы экологияга келтирген зыяны үчүн Кыргызстанга 22 миллиард сомдон ашык каражат төлөп бериши керек. Бул 1996-жылдан 2011-жылга чейин - 16 жылга гана эсептелген сумма. Сотко мындай доо арыз менен дароо эки орган - Мамлекеттик экотехинспекция жана айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги кайрылган. Иш азыркы учурда Бишкек шаардык райондор аралык сотто каралууда. Келтирилген зыяндардын кайсынысы канча айып пул деп бааланды?
Кумтөр ишканасы 2009-жылга чейин Кыргызстанга келтирилген экологиялык зыяндары үчүн бир тыйын төлөбөй иштеп келген. Мамлекеттик экотехинспекция 1996-жылдан тартып 2011ге чейин - 16 жылга келип чыккан зыяндын көлөмүн дээрлик 7 миллиард сомго баалап жатат. Мамлекеттик орган буга байланыштуу сотко 4 доо-арыз менен кайрылган.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын Кумтөргө каршы доо-арызы:
Жер кыртышынын бузулушу- 106 млн 841 миң
Тоо-кен калдыктарынын
мөңгү үстүнө жайгашышы- 6 млрд 698 миң
Суу ресурстары - 188 млн 533 миң
Калдык сактоочу жайлардагы таштандылар- 1 млн 400 миң
“Кумтор Голд оперейтинг” компаниясы жер кыртыштарынын бузулушуна байланыштуу 106 млн 841 миң сом, тоо-кен калдыктарын мөңгүлөрдүн үстүнө жайгаштырып, экологияга келтирген ири көлөмдөгү зыяны үчүн 6 млрд 698 миң сом, суу ресурстарын төлөмү жок пайдаланып келгендиги үчүн 188 млн 533 миң сом жана калдык сактоочу жайлардын тегерегинде эсеби жок таштандыларды жайгаштыргандыгы үчүн мамлекетке 1 млн 400 миң сом төлөп бериши керек.
2009-жылы ошол кездеги бийлик Центерра менен жаңы келишим түзгөн. Анда экологиялык маселелер эске алынганы айтылып, Кумтөр Кыргызстанга келтирилген зыяндары үчүн жылына 310 миң доллардан төлөп бермей болот. Адистердин айтымында, чет элдик инвесторлор бул келишимде көрсөтүлгөн каражатка алтын өндүрүүдөн келип чыккан жеңил-желпи гана зыяндарды киргизип коюшкан.
Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги болсо 310 миң доллардын укуктук макамы такыр эле белгиленбегенин жана зыяндардын кайсынысы канча каражатка татыганы так көрсөтүлбөгөнүн айтып жатат. Эреже боюнча экологияга келтирилген зыян атайын белгиленген, зыяндын иш жүзүндөгү көлөмүнө жараша аныкталышы керек.
310 миң доллар мыйзамга да туура келбейт. Биз Кумтор иштеп баштагандан бери кандай укук-нормативдик актылар, нормалар болсо ошого жараша эсептеп чыктык. Мына ошондо 15,5 млрд. сом чыкты.
Мына ушундан улам айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги 2013-жылы сотко доо-арыз менен кайрылган. Алар инвесторлорду тоо-кен калдыктарын мөңгү үстүнө жайгаштырган, кен иштетүүдөн чыккан сууларды дарыяга куйган жана абаны нормасынан жогору көрсөткүчтө кирдеткен деп айыптоодо. Мамлекеттик агенттик дагы 96-жылдан 2011ге чейин - 16 жылга келтирилген зыянды төлөшү керек деген турумду карманууда.
Биз азыр биринчи стадияда турабыз. Анткени буга чейин Кумтор бир нече жолу отунуч келтирди, судьяга ишенбейбиз ары жак бери жак деген. Мамлекеттик агенттик кийинки сот жараянында Кумтөргө коюлган айыптардын ар бирин айкын фактылар менен далилдеп берүүгө даяр турат. Эксперттердин пикиринде, маселенин бардыгы 2009-жылдагы, Бакиев учурунда түзүлгөн келишимден чыгып жатат. Ошол документтерге таянып канадалыктар азыр өздөрүн коргогонго кандай шылтоо болбосун таап жатат.
Эгер КРнын кайсы бир маморганы бизге доо кое турган болсо, озунор тынчтандырасынар деген норма бар. Ошол Максимдин убагында кол коюлган документтерди эми алар которуп алып чуркап журушот.
Азыркы учурда ишкананын өкүлдөрү менен бул жаатта сүйлөшүүлөр уланууда. Кыргыз тарап компанияга коюлган доо-айыптарды соттук териштирүүсүз эле, дароо эмес, 3 жылга бөлүп төлөп берүүнү сунуштаган. Ошондой эле 2009-жылдан бери жыл сайын төлөнүп келаткан 310 миң доллар боюнча маселени кайра кароо зарылдыгы айтылган. Бирок Кумтөрдөн азырынча расмий жооп боло элек.